Бир ай аралыгында Кыргызстандын ар кайсы регионунда мектепте окуп жаткан кыздар үчүн тренингдерди өткөрдүк. Тренингдер Кыргызстан жана дүйнө жүзүндөгү университеттер, иштөө жана ыктыярчы болуу мүмкүнчүлүктөрү, англис тили жана адам укуктары тууралуу болду.
Биздин максат кыздардын өзүнө болгон ишенимин, келечекке болгон ойлорун жана дымагын колдоо.
Долбоор мындан ары да ар кайсы форматта кыздарга жана коомго кызмат кыла берет деп ишенебиз. Жана да алгачкы проекттин катышуучуларынын жетишкендиктери менен бөлүшүп турабыз:-).
#эркинкыз