Skip to main content
Бишкекские Феминистские Инициативы
<

Feminnale

Feminnale

ЗАМАНБАП КӨРКӨМ ӨНӨР ФЕМИНАЛЛЕСИ

*Заманбап көркөм өнөр феминаллеси – бул феминизмдин Биенналеси (ооба, феминизмдин чоң жеңиши сыяктуу). Мында өзүнүн эмгектеринде чыныгы реалдуулукту кабыл алууга тоскоол болгон социалдык көйгөйлөрдү чагылдыруучу феминисттик позициядагы сүрөтчү айымдар чогулган. 

Биеннале өзүнө ар кандай өлкөдөгү сүрөтчү айымдардын аудио-визуалдык эмгектерин камтыйт. Биеннале кайрадан эле каалагандай өлкөнүн калктуу же калк отурукташпаган аймактарынын биринде эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Эмгектердин сунушталышынан сырткары, айымдардын абалын жакшыртуу жаатында кырдаалды өзгөртүү иш-аракеттерине калктын катышуусун арттырууга багытталган бир катар түрдүү иш-чараларды да камтыйт.

3д туры

Feminnale 2019





«Кормилицы» («Багуучу айымдар»)

 

Айымдардын экономикалык эркиндиги.

 

27-ноябрь – 15-декабрь, 2019-жыл

Бишкек, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи

Куратор айымдар: Алтын Капалова жана Жанна Араева

 

Феминалле 27-ноябрда ачылып, 17 күнгө созулган: 3 жыл мурун айдын 27-күнүндө Москвадагы типографияда 17 мигрант айым өрттөн улам каза тапкан.

 

2019-жылдын феминаллеси айымдардын экономикалык көз карандысыздыгы темасына арналган. Эмчек сүтү менен багуучу айымдар, эртең мененки тамак, түшкү тамак, кечки тамак менен баккан айымдар. Эмчегинде сүтү толуп, колунан чөмүч түшпөгөн багуучу айымдардын жаңы милдеттери пайда болду. Багуучу айымдар эмчек сүтүн эмизип, үй-бүлөсүнө кашыктап тамак берүүнү улантуу менен бирге үй-бүлөсүнө каржы ресурстарын алып келиши да керек. Багуучу айым деген ким? Эмчегинде сүт толуп турган айымбы? Үй-бүлөсүнө тамак жасоого милдеттүү болгон (патриархалдык коомдун ою боюнча) айымбы? Үй-бүлөсүн каржылык жактан камсыздаган айымбы? Үй-бүлөсүн багуу үчүн эмгек миграциясына мажбур болгон айымбы? Бул айымдын экономикалык эркиндиги канчалык?

Мына бул суроолордун жана маселелердин баардыгы өз эмгектерин тартуулаган, иш-чараларды, мастер-класстарды жана перформанстарды өткөргөн сүрөтчү жана активист айымдар тарабынан көтөрүлдү. 17 күн бою активист айымдар экономикалык эркиндик, эмансипация (бирөөгө көз каранды болуудан кутулуу), феминизм, менталдык жана дененин саламаттыгы тууралуу иш-чараларды өткөрүштү. Сүрөтчү айымдар менен биргеликте көргөзмөгө келген айымдар сүрөт тартууну, бийлөөнү, тексттерди жазууну үйрөнө алышты.

2019-жылдын феминаллеси коомчулукта бири-бирине каршы келген ой-пикирлерди жана талкууларды жаратты. Бул өз учурунда көргөзмөнүн жарым-жартылай цензураланышына алып келди. Маданият министрлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин айрым экспонаттар жеке менчиктеги жерге, көргөзмө аяктаганга чейин көргөзүлгөн Ололо коворкингине чыгарылган.

 

bishkekfeminists.org © 2018-2020