10-20 март #feministkg “Эртеңкиге: сенин (жана) менин тарыхымдын очерктери” көргөзмөлүк-дискуссиялык программасы

“Эртеңкиге: сенин (жана) менин тарыхымдын очерктери”көргөзмөлүк-дискуссиялык программасы

Айымдар тарыхы жана активдүүлүк боюнча Улуттук бир айлыктын алкагында* Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 10-марттан 20-мартка чейин “Эртеңкиге: сенин (жана) менин тарыхымдын очерктери” көргөзмөлүк-дискуссиялык программасы өткөрүлмөкчү.

Көргөзмөнүн ачылышы 10-мартта саат 16:00дө болот жана 8 күнгө созулган дискуссиялык программа менен улантылат.

Көргөзмөнүн негизги идеясы – маданий, саясий, экономикалык жана башка деңгээлдерде орун алган социалдык адилетсиздик серияларынын “көзгө илешпеген” жагдайлары туурасында сөз кылуу жана өз тарыхын конструкциялоо. Көргөзмөлүк-дискуссиялык программада Советтик Кыргызстандын лидер жана активист айымдарынын тарыхынан тартып бүгүнкү Кыргызстанда актуалдуу болгон темаларга: өз адынча чечим кабыл ала билүүгө, тандоо мүмкүнчүлүгүнө, өз тарыхын, стратегиясын жана субъективдүүлүккө ээ болуу практикасын конструкциялоого чейин сөз болот.

Көргөзмөгө өз көз караштары менен суроолорун трансляциялоо ыкмасы катары визуалдык каражаттарды пайдаланган кыргызстандык активисттердин/активист айымдардын, феминист айымдардын, аялдар уюмдарынын жана демилгелеринин иштери коюлмакчы.

*Улуттук кампаниянын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар саясий катышуу жолу менен аялдардын укуктарын илгерилетүүгө жана гендердик теңчилик маселелерин чагылдырууга жана актуалдаштырууга багытталган. Саясий катышуу өзүнө мамлекеттин деңгээлинде саясатка аралашууну гана эмес, уюмдар менен топтордун жер-жерлерде аялдардын укуктарына жана гендердик теңчиликке, жаштардын, улгайган адамдардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө; репродуктивдүү, сексуалдык жана дене-бойлук укуктарды жана саламаттык сактоо маселелерин илгерилетүүгө; зордук-зомбулуктун бардык формасын болтурбоого; бирдей эмгек акыга болгон укукту коргоого; мамлекеттин деңгээлинде саясий катышууга жана өкүлчүлүктүү болууга байланышкан маселелерди да көтөрүп чыгып, күнүгө активдүү иш-аракеттерди көрүү ишин да камтыйт.

Көргөзмөнү ачуу боюнча байланыш тел: 0556 145 280

Ачык семинарлардын программасы: Пресс-релиз_8 марта_выставка_кырг

Screen Shot 2016-03-12 at 1.46.54 PM

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s