Конкурс: 8-мартты феминисттештиребиз (бир ай бою кабыл алынат) #feministkg #IWD2015

Бишкек Феминисттик Демилгелери бардыгыңарды өз окуяңар, көз карашыңар, пикириңер менен, өзгөртүлгөн ачык каттар, сүрөт, трафарет, рефлексия, баяндама, видео, подкаст, ыр, тамаша, демотиватор, постер, аналитикалык жаңылык, анимация менен бөлүшүүгө чакырат. Силер 8-мартты кандай өткөрөсүңөр, эмнелер менен кезигишесиңер, бул  күндү кандай өткөрүүнү жана өзүңөр эмнени уюштурууну каалайт элеңер, эмнени протесттештирмексиңер жана эмнеге феминисттик ыкма менен позиция аркылуу кошулмак элеңер? – ушул суроолорго каалаган формада жазылган окуя, баяндамаларды бөлүшүүгө чакырабыз.

Биз ошондой эле ар кандай лозунгтарга, кайрылууларга, чакырууларга, манифесттерге, дизайн, көркөм жана мултимедиалык иштерге куббаттуу болобуз.

Чыгармачылык иштер каалаган идентивдиктеги, статустагы жана абалдагы адамдардан кабыл алынат. Ошонодой эле, иштер борбор-азия тилдеринде, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат. Иштер чектелбеген санда март боюнча кабыл алынат жана алар ар ишемби күнү каралат , ошондуктан силерде үч жолу утуп алуу мүмкүнчүлүк бар.

Бардык катышуучуларга феминисттик дизайн менен футболка, авоська, постер жана жабыштыргычтарды белек кылабыз. Эң популярдуу иштер акчалай байгеге ээ болушат, а лозунг жана көркөм иштер ар кандай форматта тираждайбыз.

Иштериңерди жана каалаган суроолоруңарды биздин электрондук дарегибизге жөнөткүлө bishkekfeminists@gmail.com

8-март эл аралык феминисттик күнүңөр менен!

Пикирдештик менен,

Бишкек Феминисттик Демилгелеринин командасы

obyavlenie-8marta-Kyr2015-konkurs

One comment

  1. Pingback: Бишкекте 8-мартты феминистче майрамдоонун он түрү #feministkg @IWD2015 | Бишкек Феминисттик Демилгелери

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s