Ислам сексуалдык жана жыныстык тарбия жөнүндө билүү керек экендигин танбайт #srhr #feministkg #islam

Бруней ислам университетинин студенти жеке гигиена, мусулмандар жыныстык жетилүү жана коопсуз секс жөнүндө билимдин керек экендигин тана алышпайт.

Бишкектик Айкөл, Даруссалам Бруней Университетинде, магистратурада билим алат, жана ошондой эле ислам жөнүндө жеке блогу бар. Анын айтымында, балдар менен жыныстык тарбия жана репродуктивдик саламаттык темасында сүйлөшүү – бул ата-энелердин мусулман катары парзы.

(Интервью чат аркылуу өткөн, Бишкек Феминисттик Демилгелеринин активист кызы кат алмашты)

– Ислам контекстинде  сексуалдык репродуктивдик саламаттык укуктары (СРСУ) сен үчүн эмне?

– Исламга ылайык кичинекей балдар жети жашынан баштап намазга жыгылып башташ керек, он жашта бул милдет. Намазга жыгылуунун алдында даарат алыш керек. Бул ошол жашта эле балага жеке гигиена шарттарын үйрөтүүгө жана тазалыкты сүйүүгө көндүрөөрүн билдирет. Пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.С айткандай: «Тазалык — диндин бир бөлүгү».  Ошондуктан мусулмандар үчүн жеке гигиена жөнүндө түшүндүрүү канчалык маанилүү экенин өзүңөр элестетип көрсөңөр болот.  Бул жөнүндө адам биологиясы жөнүндө, жетилүү маалындагы дененин өзгөрүүлөрү жөнүндө айтпай түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бала денесинин өзгөрүлүшү жөнүндө түшүнүүсү маанилүү, бул жөнүндө кабардар болбошу кайгылуу бүтүшү мүмкүн.  Мисалы, ганалык досум алардын өлкөсүндө болгон бир окуя жөнүндө айтып берген. Кичинекей бала чатындагы биринчи  жолу денесиндеги интим бөлүктөрүндө жүн өсүп чыкканда, коркуп өз досуна кайрылган. Досу андан кичүү болгондуктан эч  нерсе билген эмес, ошондуктан бир жара чыкканын божомолдогон.  Алардын салты боюнча кимдир бирөөдө жамандык болсо тоокту курмандыкка алып келип анын канын аккан сууга куюп андан кийин ал сууга чөмүлүш керек болчу. Үйүнөн тоокту уурдап чыгып, суунун жанында аны союшат да аны дарыяга ыргытышат. Андан кийин бала өзү дарыяга чөмүлөт. Суунун агымы катуу болгондуктан аны ошол маалда агызып кетет. Кийинчерээк анын жансыз денесин табышат. Буга окшогон окуялардын саны дүйнө жүзү боюнча сансыз. Бала менен бул темалар жөнүндө ачык сүйлөшүш керек. Табияттуу нерседе эч уят жок. Андан артык, пайгамбар Мухаммед (С.А.С) айткан: «Беш нерсе адамдын табиятын түзөт, кийинки беш нерсе адам табиятынын табияттуу көргөзгүчү: эркек балдарды сүннөткө отургузуу, чач жүндөрүн кыркуу, тырмактарды алуу, колтук жүндөрүн кыркуу жана мурутту кыскартуу». Бул дагы бир жолу жеке гигиенанын маанилүүлүгүн жана ал жөнүндө үйрөтүүнүн керектигин далилдейт.

Кыз балдардын этек кир маалы жөнүндө, кыздарда анын келишине чейин эле ал жөнүндө түшүндүрүш керек.  Исламга ылайык этек кир келген маалда кыздар намазга жыгыла албайт. Бул анын пайда болушуна чейин эле ал жөнүндө баарын билүү керек экендигин билдирет.

Дененин өзгөрүлүшү менен сүйлөшүү темалары дагы өзгөрөт. Жана секс жөнүндө сүйлөшүүлөр, контрацепция жөнүндө сүйлөшүүлөр — бул акыркы иретте келген темалар. Албетте ислам боюнча никеге чейинки интимдик мамилелер бул арам, ошондуктан балдарды негизинен өз каалоолорун жана сексуалдык импульстарды кантип башкарыш керек экендигине үйрөтүш керек. Бул билимдердин баары адамда секс жөнүндөгү түшүнүүсү туура калыптанышы үчүн керек. Ошондуктан мусулман болуп, биз жеке гигена, жыныстык жетилүү жана коопсуз секс жөнүндөгү билимдин керек экендигин тааный албайбыз. Суроо анын кандай уюштурушуу экендигинде гана.

Мектепте балдар сексуалдык билим алыш керекпи, кантип?

– Менин оюмча сабактар эркек балдарга өзүнчө, кыз балдарга өзүнчө өтүлүшү керек. Бул саламаттуу атмосфера, уялышпай суроолорун эркин бере алышат жана темага олуттуу мамиле кылышат. Эгерде сабактар аралаш өтсө анда көп суроолор уялгандык үчүн берилбей калат, а кээбирлери циркке айланат (көбүнчө жаш адамдар интимдик дене мүчөлөрдү укканда күлкүнү жаратат).  Башка жыныстагы адам менен бул темада  сүйлөшүп жатканда уялуу сезими пайда болушун жаман деп ойлобойм. Бирок ошону менен уялуу сезими билим алууга тоскоол болбошу керек деп эсептейм. Ошондуктан билим алуу үчүн саламаттуу атмосфераны куруп эркек балдар менен кыз балдар өз өзүнчө кылып сабак өткөн оң. Андан артык сабактардын максаты уялуунун чек-арасын бузуу жана эркиндүүлүктү чаптоо эмес — үйрөтүү, маалымдоо. Андан сырткары, бул сабактар суроонун идеологиялык жагына ообош керек деп эсептейм.  Мурдагы жылы брошюралар чоң жаңжал жаратканын ( жыныстык тарбия жөнүндө «Репродуктивдик Саламаттык боюнча Альянс» тарабынан таратылган брошюралар) эсимде. Мен дагы аларга каршы болгом анткени, биринчиден бул өтө олуттуу темага үстүртөн болгон мамиле болду. Менин оюмча бул сабактар комплекстүү, психикалык жана ошондой эле физикалык аспектерди камтыган болуш керек. Экинчиден, бул брошюралар балдарга мыйзамдуу мамиледе болбой туруп жыныстык катнашта болуу болот, башкысы ишеним жана коопсуз секс жөнүндө билим деп айтып алар идеология жана ахлактын тереңине чейин кирди.

Мектеп идеологиялык суроолорго кийлигишпеш керек. Алардын башкы милдети маселелерди, куралдарды түшүндүрүү, а жыйынтыктоочу чечим жана талдоо студенттин артында калыш керек. Сексуалдык жашоосун качан баштоосун ар ким өзү чечиш керек.

Биз балдарды ойлонууга, талдоого жана өз алдынча чечим кабыл алганды үйрөтүшүбүз керек, бирок эч кандай өз авторитардык ойду таңуулаабай. Ар алынган билим эркин жана өз алдынча ой жүгүртүүгө багытталышы керек.  Мисалы, химиктерди элементтерге, формулаларга жана эксперимент маалындагы коопсуздукка жана куралдар менен туура колдонууга үйрөтөт. Мындай билимдер менен куралданып алар эркин өз изилдөөлөрүн жүргүзүп, өз жетишкендиктерине жете алат. Же пианист ноталарды импровизациялаш үчүн үйрөнөт. Ошондой эле кээ бир учурларда гана эркин чечим кабыл албай, жыныстык саламаттык жөнүндөгү билим керектүү билим менен куралдаш керек. Ошондуктан сабактар илимий мүнөздө, идеология тараптарына кийлигишпей жана сексуалдык дүүлүгүүнү чакырган методторду колдонгондон алыс болуш керек.

Макаланын оригиналы орус тилинде.

Которгон: Майкл Таалайбеков.

 

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s