Лесбиянка оорунун шилтемеси сыяктуу же доктурлардын профессионализими жоктугубу? #srhr #lesbian #feministkg

Активист лесбиянка өзүнүн сексуалдык ориентациясы жөнүндөгү маалыматты гинекологко маалымдабашы жөнүндө айтат, анткени анын сексуалдык ориентациясын оорууга шилтеп коюшунан коркот.

Люда-лесбиянка, (аты өзгөртүлгөн) анын сөзү боюнча, ал өз сексуалдык ориентациясы жөнүндө гинекологко айткысы келбейт, анткени ал дары-дармектерди, психологду жана анын өзүнүн жынысындагы адамдарга болгон каалоосун «оору» деп моюнга арттырышынан коркот. Ал ошондой эле өз репродуктивдик саламаттыгы жөнүндө гинекологко суроолорун бере албайт, анткени врачтрада болгон стереотиптер ага адекваттуу маалыматты алганга тоскоол болот деп эсептейт.

(Люда  менен Бишкек Феминисттик Демилгелеринин активист кызы маектешет)

– Өзүңдүн репродуктивдик саламаттыгың жөнүндө гинекологко кайсы суроолорду берээр элең?

– Гинекологдун кабыл алуусу ачык маек курууну божомолдойт. Акыркы жолу гинекологдо болгондо, ал өтө досчул болду жана өтө классикалык суроону берди: «Жыныстык жашоо менен жашасыйңбы?» – деп, бири-бирибизди жакшы түшүнүш үчүн мен андан аныктадым: «Жыныстык жашоо деп аял менен эркектин ортосундагы интимдик мамилелер болжолонобу же деги эле секспи?», ал «деги эле секс» – деп жооп берди. Мен ага ар кандай инфекциялуу оорууларды алдын алуу үчүн гана кайрылдым. Бирок, менде суроолор болчу, менин оюмча ал, суроолорго жооп билбейт. Ал суроо кыздыкка тиешелүү болчу. Анткени коомдо кирүүсүз секс бул – секс эмес деген абдан күчтүү стереотип бар жана кыздык челдин бузулушу өтө маанилүү деген ой бар. Андан сырткары аны жашооңдун аягына чейин сактоо бул экзотика болуп саналат. Мен гинекологко: «Мен жашоомдун аягына чейин  «кыз» боюнча калсам болобу? » – деген суроону бергим келген. Өз адистигинен чакыруу жазаган аялдын жообу кандай болот болду экен? Аял-гинекологдун балким анын адистигинин өз шылтоосу: аялдар бойго бүтсүн, ошол эде маалда саламаттуу болсун, саламаттуу балдарды төрөсөн жана бул жетишкендиктин критерийи. А бул жакта секстен такыр эле баш тарткан жана тукум улоонун классикалык түшүнүгүнөн такыр баш тарткан адамдар бар экени айкын болду. Мындай адамга эмне кеңеш берсе болот? Кайдагы бир орууну, дары-дармектерди, психологко барууну моюнга артуу – а мен ушундан корком жана ошон үчүн талкуулагым келбейт.

 

 

Өз СРСУңдун бузулушун сездиң беле?

– Менде балалуу болуу же болбоо укугум бар. Мен балалуу болгонду каалабаганымды же башкача жол менен балалуу болууну каалаганымды билгенде бул менин туугандарым жана тааныштарым тарабынан өтө айыпталат. Менден ар дайым белгилүү бир жол менен көбөйүүнү талап кылышат, ал эркек аркылуу, нике аркылуу болуш керек жана башка жолдор уруксат эмес. «Мен балким  бала бакчадан бала багып алам, анткени ушунча көп балдар ата-энесиз» – дегенде мага: «Сен оорукчан эмессиң да. Эмнеге өзүң төрөй албайсыңбы? » – дешет. Жана бир тууганчылык маанилүү, а мен маанилүү деп эсептебейм.

Башкача айтканда, сен бала багууну каалайт белең?

 

– Ооба, мен мындай учурду да караштырып жатам, эмнеге болбойт эле? Менин оюмча, эгерде элдер бул жөнүндө көбүрөөк ойлошсо жана «Өзүң төрөбөгөн баланы багуу кандай?», – деп көбүрөөк ойлонушса анда бала багып алуу популярдуу болушу мүмкүн. Элдер эмнеге балдар үйүнөн бала багып алышпайт, анткени аларды жакшы көрө албайбыз деп коркушат.

Өзүңдүн сексуалдык ориентацияң жөнүндө балаңа кантип түшүндүрөсүң?

 

– Мен, биринчиден эң башынан  жашырбайм жана ал үчүн бул адаттагыдай көрүнүш болот. Балким анда көп сүроолор  коомчулук бул нерсени айыптаганда жана ал: «Эмнеге сага жаман мамиле кылышат? », – деп сурай баштайт. Ошол маалда балага ал нерселер оорутпаш үчүн жана коомчулуктун басымын көтөрүш үчүн андай нерселерди кабыл алуусун үйрөтүш керек.

 А сен өзүңө карата  «жаман мамилени» сезесиңби, анткени сен ориентацияң жөнүндө жакын адамдардан жашырбайсың, туурабы?

– Менде өз үй-бүлөмө жетишээрлик деңгээлдеги ишеним жана ички күч бар, ошондуктан менде, ачылууга мүмкүндүк болду. Мен эң улуумун, менин үйдөгү позициям «эстүү кыз», менде көп жакшы жактар бар жана менин сексуалдык ориентациям эң жакшы өзгөчөлүктөрдүн бири болуп кабыл алынат, деги эле ага бардыгы көнүп калды. Менин жашоом ар дайым жашуруун боло албайт, бирок көптөгөн лесбиянкалар өз жашоосун күйөөгө чыгып, бала төрөгөнгө чейин барып жашырышат. Ар кандай абалдар болот, эгер коопсуз болсо жашырбоо жакшыраак болгон абалдар болот. Мен активист дагымын да, менин үй-бүлөмдө ал менен эч ким алектнебейт. Алар, мен билгенди билишпейт жана мен аларга түшүндүрүп бере алам. Апам өз саламаттыгына, сексуалдык тажрыйбаларга суроолорду өзү үчүн жана курбулары үчүн берет. Бул маалыматка жеткилик суроосу эмес, алар бул суроолорду доктурдан сурабайт, алар муну ич ара талкуулайт.

Макаланын оригиналы орус тилинде.

Котормочу: Майкл Таалайбеков.

 

 

Advertisements

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s