Каминг-аут, адатка айланган жалган көз караштарга каршы эмоционалдык күрөшүү катары #srhr #sogi #feministkg

Дастан активист жана гей, сексуалдык ориентация жөнүндө толук маалымат жок болгондуктан өспүрүм маалында эмоционалдык саламаттыгына жана өзүн түшүнүүдө көйгөйлөргө алып келгендиги жөнүндө айтат.

Дастан интервьюсунда ата-энесинин алдында каминг-аут кылганга чейин өзү гомофобдуу болгонун айтат, анткени коомдук пикир менен макул болуп гей болуу бул жаман деп ойлочу. Анын ою боюнча, өспүрүм кезинде өз сексуалдык ориентациясын түшүнбөгөндүгү мектепте сексуалдык билим  берүүнүн такыр жоктугу себеп болду деп эсептейт.

(Дастан менен Бишкек Феминисттик Демилгелеринин активист кызы маек курат)

–Маалыматтын жоктугу сенин сексуалдык, репродуктивдик саламатыгыңды жана укуктарыңды түшүнүүгө кандай таасир тийгизди?

– Туура эмес маалыматтын тапшырылышы бир жылга созулган депрессияга түшкөнүмө таасир берди. Менин бааларым төмөндөдү, ар кандай проблемалар көбөйдү. Булардын бардыгы  менин сексуалдык ориентацияма тиешелүү болду. Мисалы, ата-энеме мен гей экендигим жөнүндө айтканда алар мени дарылап башташты, болгон-болбогон жерден маалымат издеп башташты. «Бул нормалдуу көрүнүш, табигый нерсе» – деп айтылган карама-каршылык маалыматтарды да табышкан, мындай маалымат менин ата-энеме жаккан эмес. Ата-энем «бул оруу жана дарыласа болот» – деген маалыматта токтошкон. Андан кийин ар кандай диндер аркылуу дарылоо мезгили башталды. Алар республикалык психикалык саламаттык борборуна да барышкан, ал жакта адекваттуу адамдар экен жана ата-энеме бул оруу эмес деп айтышыптыр. Алар психотеропевттин номерин беришкен, ал мага эмес менин ата-энеме көбүрөөк керек болду. Менин апам бардык болгон диндерге ишенип баштады, өз уулун сакайтырса эле болду. Ар таң үйгө ыйык суудан алып келип баштады, аны ичип, Куранды окуп, шам алдында дубаларды окуп жана жаздыктын алдына бир нерсени коюп жатыш керек болчу. Көзү ачыктар ар кандай күн наамаларды алдырып анан менин бөлмөмдүн дубалына илдиришти, албетте үйгө досторумду чакыргандан да уялып баштадым. Бул дарылоолордун жыйынтыгы болгон жок.

–Ата-энең сенин сексуалдык ориентацияң менен күрөшүшүптүр, а сенчи?

– Эң башында мен балким гетеросексуалдуу эмес экендигимди сезип баштаганда, мен көбүрөөк маалыматты алууга аракет кылдым. Албетте мен, бул бардык нерсе абдан туура эмес деп ойлодум. Психологко бардым, бул натыйжасыз деген ойго келдим. Доктурлардын көбү бул оору эмес деп айтышкан. Менин айланамдагы адамдар түшүнүктүү болуп мен жолдуу болдум, менде китеп алып окуш үчүн ресурстарга жеткилик болду. Бирок көптөгөн ЛГБТ адамдарда мындай мүмкүндүк жок, өзгөчө айылдарда. Бул ЛГБТ өспүрүмдөрдө депрессия, өзүн-өзү өлтүрүү каалоосунун пайда болушуна же коопсуз эмес жыныстык актка алып келиши мүмкүн, анткени алар айлана чөйрөгө керек эместиктерин сезип, баары бир баардыгы жек көрөт анда эмнеге сактанышым керек деп ойлошот.

–Жакындарыңа бул туралуу айтуу чечимине кантип келдиң?

– Мен «гей» – деген сөздү айткандан уялганым эсимде, кээде азыр деле корком айткандан. Мен өзүмдү бисексуал дечүмүн же мени эч кандай атабоону суранчумун. Биринчи иретте жакындарың алдында чынчыл болуу  керек экендигин сездим, анткени эгер сен гей болсоң анда жашыруун жашоо мүнөзүн алып жүрөсүң. Көптөгөн нерселер жөнүндө калп айтып, жашыруу зарыл келет. Мени бул нерсе тажатты жана мен айтууну чечтим, аны менен мени үйдөн кууп чыгышы мүмкүн экендигин билип турдум. Адекваттуу эмес реакциянын болушун түшүнчүмүн. Андан кийин адамдар мамилесин алмаштырбасын түшүндүм. Алар мени көп убакыттан бери билишет. Кээ бири «эмне болуптур, мейли» – деп да айтышкан, айрымдарына шок болду. Кыргызстанда өзгөрүүлөр болуш үчүн мүмкүн болушунча көп каминг-ауттар керек экендигин түшүндүм. Көптөгөн гейлерге эң оор нерсе — жашыруун жашоо экенин түшүнөм. Бирок, эгерде бир аз да болгон мүмкүнчүлүк болсо, анда аны кылыш керек.

– Өз сексуалдык ориентацияң жөнүндө ачык айтуу эмнени берет?

– Канчалык көп адам ачылса, ошончо көп адам биз аз эмес экендигибизди түшүнө башташат. Чынында менин ачылганымдан кийин көп ЛГБТ адамдарды билем, менин классташтарым, группалаштарым, туугандарым арасында да бар экенин билдим анан Бишкекте биз көп экендигибизди түшүнөсүң, бирок көп адамдар муну божомолдошпойт дагы. Менин оюмча биз көппүз, бирок муну менен бизди экинчи сорттогу адамдар сыяктуу шылдыңга алышат. Каминг-ауттарды кылуу бул жалган ойлор менен күрөшүү, жалган ойлор аз болсо, зордук да аз болот, баардыгыз үчүн оорчулуктар аз болот. Эл алдында ачылуу сөзсүз эмес, үй-бүлөң арасында, коопсуз жамааттарда жана ишенимдүү адамдар алдында ачылуу жетиштүү.

– Кыргызстанда камингауттарды кылуунун кандай жөнү бар, эгерде сен зордукка кабыл алынышың мүмкүн экенин эске алганда?

– Ооба, каминг-аут кылуунун алдында — өзүңдү коопсуздандырышың кекек, муну кылуу өтө маанилүү. Башкача ансыз деле ишибиз жаман жана бардыгы болгондон да күчөп бара жатат. ЛГБТ социалдык жактан алсыз, анткени эгер бирөө жарым билип калса уруп-токмоктойт, шылдыңдайт, үйдөн кууп чыгат, зордуктайт. ЛГБТ үндөбөсө бул нерсе улана берет. Басынтууну чыдоону токтотуу жана ЛГБТга карщы жек көрүүнү, зордукту токтотуу мезгили келди, а бул үчүн көбүрөөк ачылуулар, ЛГБТдан эр жүрөк, ачык адамдар керек.

Мамлекет мектептеги сексуалдык билим берүүнү сөзсүз түрдө киргизиш керек, СРСУ (сексуалдык, репродуктивдик саламаттык укуктары) менен иштеген уюмдардын жумушун оордотпош керек. Мамлекет СРСУну алдыга сүрүү долбоорлорун колдош керек. Жарандардын саламаттыгын жана укугун коргоо мамлекеттин приориттеттеринин бири. Эгерде мамлекет аны кылбаса анда ал элдин саламаттыгын коркунучка коёт.

Макаланын оригиналы орус тилинде.

Котормочу: Майкл Таалайбеков.

 

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s