Трансэркекке каалаган денеге жетүү үчүн канчага турду? #srhr #transgender #feministkg

Эмчек бездерин жана жатынды алдыруу, туугандар жана жакындар тараптан түшүнбөстүк жана басым — жыйынтыгында трансэркек өзүн кандай көргөндү кааласа, ошондой тапты.

Марат (аты өзгөртүлгөн) 2010- жылы жатын жана аналык безди алыруу боюнча операция кылдырган, андан мурдараак эмчек бездерин алдыруу боюнча операция жасаткан.  Денесиндеги жаңачылыктар жөнүндө эң акырына чейин жашырууга туура келди, анткени ата-энеси жана жакын туугандары анын көңүлүндөгүдөй жынысында жашашын каалаган эмес.

(Марат менен Бишкек Феминисттик Демилгелеринин активист кызы  маек курду.)

Сенин жакындарың каршылыгын кантип билдиришти?

– Биринчи операция болгондо, эмчек бездерин алдыруу маалында алар эстен танганга аз калды. Менин эжелерим жана ата-энем такыр каршы болушкан. Менин оюмча, бул менде  аял-кишинин «назиктиктин» жоголуп баратканынын көргөзгүчү болду. Бирок канчалаган аялдар эмчек бездерин алдыруудан өтөт. Аларга бул кайрылбастыктын чекити жана шок болду. Операциядан кийин мен азыраак аял болуп калдым окшойт, ага чейин эркек сыяктуу кийингениме, өзүмдүн жүрүм-турумума, өзүмдү эркек деп эсептээриме карабастан мен аял катары кабыл алынчумун. Жатынды алдыраарым менен — мен аларга аял болбой калдым.

–Алар мага «Өзүң үчүн төрөп ал» – деп айтышчу, мен каалаган эмесмин. Менде медициналык көргөзгүчтөр бар болчу: жатын моюнчасынын сары суу шишиги, ал гормон терапиясын кабыл алуудан кийин пайда болду. Алар  гормондук дарыларды кабыл алып жатканым үчүн, бул туура эмес деп мени күнөөлөштү. Анан алар андай дарыларды кабыл алуумду токтотууну каалашты, анткени ал менин репродуктивдик функцияма таасири бар. Мен аларды кабыл алып жатканда, мен эмнеге баратканымды түшүнчүмүн. Алар менин денемди жана анын бөлүктөрүн өзгөрткөнгө жардам берген. Башкача айтканда өзүмдү каалагандай көрүү үчүн,  булар  үн, дене жана башкалар.

Гормон дарыларын кабыл алган үчүн ооруп калдыңбы?

–Ооба, алардын айынан анаттагы сары суу шишиги өрчүдү. Бул алардын пайда болушунда анат сууга толуп, оорутат. Бул жөнүндө дагы эч кимге айта-алган эмесмин. Эгер сен эркек болуп алып гинекологко барсаң сени иреттеги адамдардын баары карайт, анткени алар гинекологко кыздар менен аялдар гана бараарын күтүшөт. Мен гинекологко барып иретте турганда алар мага түз эле айтышты, сен туура эмес иретте турасың деп, анда мен туура эле иретте тураарымды айттым. Калган убакыттын ичинде мени тиктешип, үндөбөй суроолорду берип жатышты, анткени алар мага суроо бере алышпайт. Бирок бул маанилүү деле эмес.

Сен өзүңдүн тандооң үчүн өкүнбөйсүңбү?

–Менин оюмча туура кылдым, анткени бул менин тандоом. Бул транстар үчүн өтө оор маселе, мен жатынын алдырбаганды каалаган балдарды билем, алар өзү үчүн төрөгөндү каалашат. Мен жок дегенде эки төрөгөн баланы билем, андан кийин аларды коомчулук айыптаган: «Эгер сен эркек болсоң анда эмнеге төрөп жатасың?», -деп. Коомчулук үчүн трансэркетердин төрөшү болбогон укмуш. Жатын менен эркек — бул болбостук, түшүнүксүз жана чоочун. Менин тандоом бул төрөбөө болчу, мен эч кимге милдеттүү эмесмин.

Гинекологдорго  кайрылуу боюнча айтып берчи, алар кандай таасирини тийгизишет?

–Мен профессионалдуу гинекологдордун болушун кааламакмын, трансэркетер коркпой кайрылышы үчүн. Анткени шылдыңдоо жана кодулоо коркунучунан трансбалдар барышпайт, ошону менен гинекология эркетердики эмес, гинеколог бул аялдардын адиси деп эсептелинет. Ушун үчүн менин кээ бир досторумда гинекологиялык маселелер чыгып калса да,  жылдар бою гинекологко кайрылбаганын билем.

Сага жакындарыңдын каалосуна каршы баруу, ошону менен өз каалаганыңды кылуу оор болгон жокпу?

– Мен чечим кабыл алганда оор болду. Буга чейин жашоомдун баары бул даярдануу болду.  Ата-энемдин мен баарыбир аялмын, мага күйөөгө тийиш керек жана төрөш керек деген сөздөрү үчүн оор болду.  Бул менин ишим экенин түшүнүү үчүн мага көп убакыт талап кылынды. Үй-бүлө ар дайым кийлигишип турду, мени курчаган адамдардын күтүүсү башкача болду.  Мен абдан көп жыл алар менен сүйлөштүм — алар менен бир  тил табууну аракет кылдым.

А сен азыр алар менен баарлашасыңбы?

–Ооба, мен алардын үмүтсүздүгүн жана түркөйлүгүн көрүп турам. Мен апамды жакшы көрөм, эгерде мен аялдар жеке темасы жөнүндө сүйлөшкүм келсе — бул уят болу калды, анткени мен эми алар үчүн эркек баламын. Апамдын ою боюнча, эркекке баш ийищ керек, анткени ал эркек, жада калса зордукту да чыдаш керек. Эгерде эжелеримдин үй-бүлөсүндө бир нерсе болсо анда  эжем өзү себепкер, бирок апам да эжелерим да мени  угушпайт. Эң күлкүнүчтүүсү, мен бул жөнүндө инилерим менен сүйлөшө алам, алар мени башынан эле колдошот. Алар менен мен сүйлөшө алам, бирок эжелерим менен эмес, анткени мен эми  «кыз» эмесмин. Мен азыр үй-бүлөмдү карап мен транс экениме шүгүр дейм.

Денеңдин  өзгөрүлгөнүнө ыраазысыңбы?

–Мен эми тынчтанып калдым. Эгер эмчек бездерин алдырбасам, мен аны тартып турмакмын. Мага азыр ыңгайлуу. Мен бул нерселер жөнүндө коопсуздук жагынан ойлоном. Мен өзүмдү ооруканаларда, коомдук ажатканаларда, ыңгайсыз сезем, анткени өз коопсуздугум үчүн корком. Менде баарыбир аялдын денеси экенин тастыктаганды каалаган учурлар болгон (зордук). Бул мени азыраак адам кылбайт да. Адамдар бирөөнүн мейкиндигине, денесине кийлигишүү нормалдуу деп эсептейт, мен андай ойлобойм. Аялдардын бирине да алардын каалоосуна каршы  денесин кармалоо аларга жагымдуу деп ойлобойм. А эгерде транс болсо анда аны менен баардык нерсени кылса болот, ал баарыбир эчким деп ойлошот. Ошол үчүн зордук колдонулат, шылдыңдашат, жазалашат. Репродуктивдик жана денелик укуктар адамдын коопсуздугуна тикелей байланышкан. Бул инсанды жана анын бүтүндүгүн урматтоо маселеси.

Макаланын оригиналы орус тилинде.

Котормочу: Майкл Таалайбеков.

 

 

 

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s