Полиграфиянын почталык жөнөтмөсү “16күн – 16трафарет” #16days #feministkg (28.12.14 чейин)

Бишкек Феминисттик Демилгелеринин командасы трафареттердин сүрөттөрү менен бир-нече постерлерди, жабыштыргычтарды жана ачык каттарды басып чыгарды. 2014-жылдын 28-декабрына чейин өзүңүздүн бекер копияңызды bishkekfeminists@gmail.com эл. дарегине жазып буйрутма кылсаңыз болот (өтүнүч каттын темасына “Рассылка трафаретной полиграфии” – деп жазыңыз). Эгерде сиз Бишкек шаарында болсоңуз полиграфияны 29-декарьдан тартып биздин үйдөн же “Шоколад” кофейнясынан (Токтогул көч. 92/ Эркиндик буль.) алсаңыз болот же биз сизге курьер аркылуу жеткирип беребиз.

“16күн – 16трафарет” проекти Кыргызстанда болуп өттү. Акцияны Надя Плунгян жана Виктория Ломаска сүрөтчөлөрү, Бишкек Феминисттик Демилгелеринин активисттери тарабынан демилгеленген. 16 трафарет “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активизми” улуттук кампаниясынын алкагында – 16 күн, 25-ноябрь Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы эл аралык күнүнөн тартып, 10-декабрь Эл аралык адам укуктар күнүнө чейин Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Армения, Грузия, Украина, Орусия, Венгрия мамлекеттеринин активисттери жана сүрөтчүлөрү менен жаратылган. Алардын жараткан иштери теманы образдуу кылып, аялдарга жана кыздарга карата болгон зордук-зомбулук  бул адам укуктарын бузуу жана мындай көрүнүш түп-тамыры менен жокко чыгарылышы керек экендигин айкындашты.

Бардык трафареттерди жана толугураак маалыматты пресс релизде жана http://facebook.com/bishkekfeminists фотоальбомунда тапса болот, жана ошондой эле Бишкек шаарында СКью феминисттик коллективинин үйүнүн дубалында көрсө болот.

Полиграфия “БИРГЕ аялдарга карата зордукту токтотолу” жана “#ЭркекАялҮчүн” кампаниялары алкагында жана БУУ Аялдары колдоосу менен даярдалды. Кыргызстан 2014

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s