Бардык гинекологдордо бир суроого бир жооп: «Сага төрөш керек» #srhr #feministkg

Активист кыз Салтанат студент болгонуна байланыштуу бир нече жолу студенттик оорукананын гинекологуна кайрылган. Салтанаттын сөзү боюнча гинеколог анын репродуктивдик саламаттыгына байланыштуу суроолорду чечүүгө аракет кылган. Бирок акыркы кайрылуусунан кийин ал доктурга башка кайрылып келбесин чечкен.

— Бир себептер менен бойго болтурбас дарыларды кабыл алууну чечтим анан ал мага менин организмиме туура келбеген дарыларды жазып берди. Менин эмчек бездерим ооруп баштады, мен ал дарыларга даттанып келгенде ал мага: “Балким сен андан көрө төрөйсүң” – деп айтты.

Мен көптөгөн, ар кандай гинекологторду кезиктиргем жана алардын баарында бир суроого, бир жооп: “Балким сага төрөө керек”. Эгер мен төрөсөм, бардык проблемалар өзү чечүлчүдөй. Ошол маалдан бери мен ага кайрылуудан баш тарттым. Ал (гинеколог) колдоого аракет кылган, бирок ошол эле маалда никеден тышкаркы  секс жөнүндө көп эле негативдүү нерселерди айтчу. Ал менин ата-эне башкаруусуз, никесиз эркин жашагандыгымды колдочу эмес. Андан кийин “Репродуктив денсоолук үчүн алөянсына” башка гинекологду табуу үчүн кайрылдым.

—Сен үчүн Сексуалдык, Репродуктив Саламаттык жана Укуктар (СРСУ) деген эмне?

— Мен үчүн сексуалдык саламаттык жана укук – бул эркиндик, бул өз саламаттыгым үчүн тандоо укугу, өз денем жана саламаттыгым жөнүндө шайкеш, кодулабаган, досчул мааалыматты алуу. Медициналык кызматтарга жеткиликтүү болуу укугумду стигматизациялабоо менин укугум.

Мисалы менде кооптуу секс1 болду анан мен бойго бүттүм дейли. Бул учурда мен, мага жаккан кызматы көргөзүп мени колдоп жана кеңеш берген ооруканага барганды кааламакмын. Кеңешүүдөн кийин мен өзүм чечим кабыл алмакмын. Эгер мен аборт чечимин кабыл алсам, анда ал коопсуздуу болуш керек – бул өтө маанилүү. Мен үчүн мамлекеттин СРСУну керектүү мыйзамдарды кабыл алуу, досчул клиникаларды өнүктүрүү аркылуу коргоп жана алдыга сүрүүсү маанилүү.

Үйдө же мектепте сексуалдык укук жана репродуктивдик саламаттык жөнүндө маалымат алдың беле?

— Бул жөнүндө жазылган китепчелерди мага апам көбүрөөк берчү. Мен жыйырма жаштан ашкандан кийин гана бул жөнүндө толук маалымат алдым, ага чейин чеинен эле билчүмүн. А мектепте болсо бир жолу гана гинеколот келип этеккир жөнүндө айтып берип прокладкаларды таратып кеткен – бул мектептен билген баардык нерсе.

Сенин оюңча биздин билим берүүчү мекемелерде эмнеге сексуалдык билим берүү жок?

— Биздин коомдо бизге карата – жаш муунга карата жаш-курак кодулоосу бар.  Бизге тиешелүү ар кандай долбоорлор, саясаттар, стратегиялар кабыл алынып жатканда биз өтө аз көрөтүлгөнбүз жана күн тартибинде жокпуз. Биздин жашообуз жөнүндө чечимдер кабыл алынып жаткан жана суроолор чечилип жаткан иш чараларга бизди өтө аз чакырышат. Ушул сымаал жолугушууларда биз бар болгон маалда да, биздин оюбуз көңүлгө алынбайт жана жыйнтык документке киргизилбейт.

Биздин жаш-курагыбызга байланыштуу бизди тең катары кабыл алышпат, керектүү сертификат же диплом жок болгондугу үчүн гана бизди эч качан жаштар эксперти деп атабайт. Биз активизмде өспүрүм маалыбыздан бери болгонубузга карабастан, ар дайым бизде тажрыйба, билим жок – деп айтышат. Өтө көп учурларда бизге тиешелүү суроолорду бизсиз чечишет.

Эгерде бизди тең эксперттер катары ишке тартса жана биздин куракка карабастан биздин оюбузду эске алса, анда мен жаш мугалим катары менин педагогикалык тажрыйбамды сексуалдык билим берүү боюнча окуучулардын муктаждктарын жана керектөөлөрүн эске алып окуу пландарын иштеп чыгууга өз салымымды кошо алмакмын. Менин сабактарым сөзсүз түрдө зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүн токтотуу боюнча суроолорду камтыган укук коргоочулук жана гендердик сезгимтал мамилеси менен болмок.

Фото: Арт Активист CEDAW Kyrgyzstan 30 Quilt долбоору http://www.active-art.org/cedaw-quilt.html

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s