Кайрылуу: базарды жана жакыр адамдарды каралоо жек көрүүнү токтотпойт, ксенофобияны гана андан ары таратат.

2014 ж. 6-март, 21:17

тез таратуу үчүн

5-мартта саат 15:00-19:00 чейин Скью Бишкек феминисттик демилгесинин активисттери пландаштырылган, 8-мартка арналган сайраң-маалыматтык иш чаралардын бирин Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүп жаткан. Иш чарага аялдар кыймылынын тарыхы жөнүндө викторина, кичине белектер жана символикалык сегиз деген сан менен жана “Аялдардын эл аралык тең укук жана тең мүнчүлүктөр күнү” жана “Аракеттин мезгили, Кыргызстан” деген жазуулары менен стендтин жанында сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгү болгон. Төрт активист-кыздар жаны бир активист-бала 8-марттые маанисин жана тарыхын түшүндүрүп жана аялдар укуктары боюнча ресурстар жана зордуктун профилактикалоо жөнүндү билдирип жатышкан. Иш чара Ленин райондук администрациясынын уруксаты менен өткөрүлгөн.

Акция аягына жетип калганда, стендтин айланасында көп адамдар топтолуп калды, көбүнчөсү эркектер, алар өтүп бара жаткан аялдарды коркутушуп, “Аялдарга укуктар эмне үчүн керек,” деп каттуу сурашкан. Кийин феминизмдин белгилери жана аял белгилери жөнүндө, аларда крест деп ойлоп, суроолорду бере башташты жана активист кыз-балдарды христиандыкты пропаганда кылганы үчүн туура эмес айыпташкан. Ар беш мүнөт сайын адамдардын саны көбөюп, андан да көп эркектер кошулуп, тынымсыз төмөндөгү суроолорду беришкен: ”Эмне үчүн силердин стендиңерде крест тартылган?”, “Силер мусулман эмессиңерби?”, “Силер кудайга ишенесиңерби?”, “Силер кыргыз эмессиңерби?”, “Сен быдылдаганыңа караганда еврей окшойсун, сен дагы”, “Сен кыргыз болуп кыргызча сүйлөбөйсүңбү?!”, “Ак калпакты көрүп жатасыңбы, ошон үчүн мен кыргызмын, сен кыргыз(кыз) болсоң мусулман болушуң керек” ж.б. Турган адамдар шариат боюнча 8-март майрамдалышбасы керек жана бул “мусулмандардын майрамы эмес” деп айтышкан. Активист-кыздардын бирөөсү динге ишенбестигин жана биздин мамлекетибиз динден бөлүнгөн мамлекет жана ар бир адам динге ишенеби же ишенбейби анын укугу экендигин айтканда асылуулар күч алып жана “силер мусулман эмессиңер” деген айыптоолор башталган.

Активисттер акырына чейин кордоолорго карабай тынч эле алардын суроолоруна жооп беришип, билдирүүгө жана маалымат берүүгө аракет жасашты. Бирок эркектер активисттерди кармашып, тамеки түтүндөрүн беттерине үйлөшүп, чемичке чагышып жана алардын беттерине түкүрүшкөн, тынымсыз активисттерден “Аллахтан башка кудай жок жана анын пайгамбары Мухаммед гана” деп кайталашын талап кылышкан. Милиция пункту стендтен жыйырма метр алыстыкча жайгашкан болчу. Бир нече милиция кызматкерлери келип топтолгондор койгон суроолорду беришкен. Алардын бирөөсү баш кийими жок болчу жана күбөлүгүн көрсөткөн жок. Активист жардам сурады, иш чараны өткөргөнү уруксатты көрсөттү, ошентсе да милиция кызматкери активисттин суранычын көңүлгө албады.

Активисттер  нерселерин жыйнап, стендти жылдырып агрессивдүү мейкиндиктен унчукпай жана тынч кетели деп турушкан. Топтолгондор алардын артынан басып жана аларга жеткенде стендти буттары менен тепкилеп башташты жана аны жыртып салышты.

Беш мүнөттүн ичинде топтолгон адамдар чогулушуп, үч лидерин чыгарышты да стендти талкалап, “сегиз” деген белгини сындырып салышты. Кийин алар стендти күйгүзүп, андан соң токтоосуз бар жокту талкалашты. Болгон нерсени сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк болбоду, себеби алар активисттерге кол салышып жана буттарынан чалышты. Активисттердин бирин “педик” деп сөгүп, аны буттары менен колдору менен тепкилешип, жерге ыргытып салышты. Эки активист бекингени үлгүрүштү. Кийин алар активист-кызды да желкесине урушту. Активисттер аларды тепкендигине карабай, жыгылып, чалынып болсо да кете беришти. Активисттер милиция кызматкерлерин көрүп, алардан жардам сураса да эч кандай жардам алышкан жок.

Активисттер кароочунун киришин сурап, Ленин райондук сотунун имаратында бекингени муктаж болушкан. Бирок кароочулар топтолушкандардын кыйкыргандарын угуп, активисттерди тотолгондорд талап салышы үчүн сыртка чыгарып салганы аракет жасады. Активисттер экинчи кабатка чыгып жана соттун кызматкерлеринене ошол имаратта калышын сурашка мажбур болушту. Дагы соттун кээбир кызматкерлери активисттерди угуп, жыйылгандардын тарабын тартышып жана активисттерди соттон чыгып кетүүсүн сурашты, ошону менен алардын жашоосун жана денсоолугун коркунучка калтырышты. Алардан башка кызматкерлер активисттердин тарабын алып жана милициянын келишин күтүүнү таап кылышты.

Ошол учурда милиция кызматкерлери келип калышты, бирок алардын ичинен да бирөөсү жыйылгандардын тарабын тартып, активисттерди агрессивдүү топко берүүгө аракет жасады. Бактыга жараша бардыгы анын оюн колдогон жок жана кийинчерээк келген милиция кызматкерлери активисттерге соттун имаратынан машинага чыкканы жардам беришип, РИИБке (райондук ички иштер бөлүмү) алып кетишти. Ошого карабастан ички иштер органдары ылайык каршылык көрсөтө алышкан жок, укук бузуучуларды кармоо боюнча тез аракеттерди көрө алышкан жок.

Ошол учурда активисттер тобу ал жерге кесиптештерине жардам бергени  чыгышты. Алар келген учурда, үйүлгүн топ аларды биринчи бир тегерек, кийин эки, үч тегерек  болуп курчап алышты. Топтолгондордун бири аларды элдик сот аркылуу соттош керек деп кыйкырды. Ошол убакытта Ленин райондук РИИБинин кызматкерлери жетип келе алышты жана активисттерди кырдаалды билүү үчүн ИИБке алып кетишти.

Ушул зордук-зомбулук окуясы жеке көрүнүш же жагдай-шарттардын айкалышы эмес: зордук-зомбулук жана жек көрүүчүлүк системалуу түрдө жана бардык жерде кайталанып турат, бүгүнкү күндө ушундай көрүнүштөр биздин коомдо норма катары кабыл алынып калышты. Биздин башыбыздан өткөн нерсе өлкөдөгү көптөгөн аялдардын жана кыздардын ар күндүлүк жана кадимки тажрыйбасы болуп калган. Аял ктивисттер жана укук коргоочуулар дайыма коркунучтун астында турушат, себеби бизбир гана өкмөттү эмес дагы коомду да жоопкерчиликке чакырабыз,  бир гана реформаларга эмес дагы маданияттык өзгөрүүлөргө үндөйбүз. Себептерди жана чечимдерди ош базарында же жаңы конуштарда жашаган же иштеген адамдардан, алардын социалдык же экономикалык статусуна карап,  издебеш керек. Биз бир нече жолу бийликтин адамдарынан жана бишкектиктердентөмөндөгүдөй зордукту актап чыккан сөздөрдү уктук: “бул менталитет жана ошол адамдардын абалы, алар айылдык жана билими жок”, “силер эмне жөнүндө ойлодуңар болчу, Манас проспектинен ары эч нерсе кылбаш керек, унуткула”, “бул ош базары да”.  Бул акция коом аялдарды эл алдында коомдук жана  жараандык иштерди алып барууда көргүсү келбегендигин көрсөттү. Иш чарага каршы болгондор “аялдарга укуктар керек эмес, себеби алар дайыма экинчи орунда турушат” дешти. Көбүнчөсү алар экинчи орун деп үйдү аташат.

Биз статистика, аялдар жана кыздар үчүн коопсуз эмес жай деп үй болуп эсептелишин эскертип кеткибиз келет. 80 пайыздан ашуун аялдар жана кыздарга каратылган зордук бул үйдөгү зордук, күйөөсүнүн, жүргүн адамынын же туугандарынын тарабынан кылынган зордук болот. Мындай жакын адамдар тарабынан кылынган зордук аз тааныган адамдар тарабынан кылынган  зордукка салыштырмалуу 4 жолу көбүрөөк учурайт.

Биз талап кылабыз

Өкмөттөн:

– диний жана улутчулдук зордукту, чыр-чатакты жана жек көрүүчүлүктү күчөткөн окуяны  ылайыктуу тергөө жүргүзүшүн;

– активисттердин жашоосуна жана денсоолугуна болгон коркунучту,  уруп-согууну жана аларга карата шылдыңдоолорду жана укук бузуучуларды жоопко тартуусун;

– Ленин райондук сотунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызмат маалында укук бузуу учурун жакшылап тергөөсүн жүргүзүп жана аларды жоопко тартуусун;

– толук коргоону жана тынчтык чогулуштардын катышуучуларынын коопсуздугун талап кылабыз; жек көрүүчүлүктү жана зордук жөнүндө ачык талкулоону;

– зордук жана жек көрүүчүлүктү алдын алуу боюнча (саясаттын, мыйзамдын, жол-жобонун жана программанын) айкын ар тараптуу иш-чараларды көрүүнү талап кылабыз жана ошол иш чаралар биринчиден зордук жана жек көрүүчүлүктүн айынан кылмышты башынан өткөргөндөрдүн керекчиликтерин, кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого каратылышы керек.

ММКдан:

– адам укуктары тарабынан зордуктун жана жек көрүүчүлүктүн окуяларын чагылыштырууну

– аялдарга жана кыздарга карата болгон зордукту жана адам укуктарын эң биринчи орунга коюуну га чакырабыз. Бул саясаттык суроо, себеби биздин укуктарыбызды жана эркиндиктерибизди, коопсуздугубузду жана жашообузду  сыйлоо, алдыга жылдыруу жана коргоо – биздин саясатчыларыбыздын милдети.

–  зордукту жана жек көрүүнү эч качан актабаганга чакырабыз;

Бишкектин мэринен:

– бардыгы үчүн ачык жана коомдук инфраструктура, транспорт жана тейлөөлөр аркылуу тең, ар түрдүү жана адилеттүү шаар саясатын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруусун;

– каттоо жана шаарды элиталык жана кедей деген райондорго бөлгөндү, бир кылдуу райондорду куруу аракеттерин, көп имараттарды куруу жана шаарды “тазалоону”  түбү менен жоготууну талап кылабыз, себеби ошону менен шаардын социалдык тарабынан корголбогон жашоочулары жалпы мейкиндиктен сүрүлүп чыгып кетишине мажбур болот;

-жакшы кошуналар саясатын алдыга жылдырууну жана жалпы мейкиндикти чектөөгө тыйуу салуу, общиналык жана коомдук мейкиндиктерди куруу жана коомдук мейкиндикти коммерциализациялоого жана приватизациялоого жол бербегенди талап кылабыз;

– базарлардын жашоочулары жана иштөөчүлөрү менен бирге иштешүүнү, мигрант жамааттарды жана жаңы конуштардын жашоочуларын колдоо, чечим кабыл алууда жана шаардын өнүгүүсүндө Бишкек шаарынын бардыгын катышуусун талап кылабыз.

Биз жараандык секторго кайрылабыз:

Биз мыйзамдын үстөмдүгү жок, зордук жана өзгөлөрдү жек көргөн маданияты гүлдөгөн өлкөдө жашайбыз. Активист кыздар-балдар, аң-сезимдүү жараандар катары маданияттык жана коомдук нормаларга каршылык көрсөтүп жана алар менен иштешибиз, адамдар жана жамааттар менен сүйлөшүүбүз, офистерибизден чыгышыбыз, конференц-залдардан көчөлөргө жана элге чыгышыбыз, ызаланма топтор жөнүндө жылуу жана ыңгайлуу мейкиндиктердин көрсөткүчү катары сүйлөгөндү токтотуушубуз, жеке саясаттык позициябызды айтышыбыз жана тең укуктарга жана бир нерселерге кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдар менен тилектештикте иштешибиз керек. Жек көрүү жана зордукка каршы турууда аракеттерибизди бириктирүүнүн жана биргеликте аракет жасоонун мезгили келди.

Биз Кыргызстандын коомчулугунан бул жагдайга өлкөдөгү теңсиздик жана жек көрүүнүн проблемасы катары көрүүсүн жана кедейчилик, жумушсуздук жана элдин эң башкы тейлөөлөрүн жана укуктарын коммерциализациялоо болуп жатканда, улутчулдук жана аялды жаман көрүү идеалогиясын критикалоого жана эч качан эч кимдин мойнуна күнөөнү жүктөбөй жана ислам динин жаман көрбөөгө чакырабыз. Биздин жалпы конституциялык эркиндиктерибизди жана укуктарыбызды коргойлу!

Ошондой эле биз ош базарында иштеген Рахат эжеге аялдар укуктарын коргоо жана жолун жолдогону үчүн; тилектештик,   үчөөлөп активисттерди коргогон, кароолчуга жана соттун башка кызматкерлерине активисттерди агрессивдүү топтолгон адамдарга чыгарганга тоскоолдук кылган Ленин райондук сотунун кызматкерлерине, ошондой эле активисттерге топтолгон адамдардан качууга жардам берген Ленин райондук Ички Иштер башкармалыгынын оперативдүү тобунун кызматкерлерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Өлкөнүн бардык кызыккан тургундарына:

– аялдар жана кыздарга карата болгон зордукту бардык жерде (үйдө, көчөдө жана ишканаларда, айрыкча жабык жана бекитилген жерлерде) токтоткула;

– эч нерсенин шылтоосунда зордукту актабагыла жана колдобогула;

– зордукта төмөнкү айыптуу тараптар бар – зордук кылган адам, андан кийин – өкмөт;

–  зордукка бардыгы учурашы мүмкүн, зордук кийимине жана сырткы көрүнүшүнө карабайт, зордук провокация менен болбойт, эч ким зордукка татыктуу эмес;

– зордук – бул бийлик, контрол жана алсызыраактарды кемсинтүү проблемасы.

– зордуктун туулган жери, каттоосу, билим деңгээли, улуту же дини жок;

– зордукту тоготпоо, актоо, маанилүүлүгүн азайтуу жана аны колдоо зордукту курчутат жана андан бешбетер нормалдуу көрүнүш кылат;

– коррупция жана социалдык тейлөөлөрдү коммерциализациялоо, медицинага жана чечим кабыл алууга тең эмес кирүү мүмкүнчүлүгү, жалпы сапаттуу билимдин жана татыктуу эмгек шарттарынын жоктугу жагдайды, структуралашкан зордукту күчөтөт жана коомду тең эмес кылат;

– кедей, формалдуу түрдө билимсиз жана социалдык жагынан корголбогон жашоочуларды жаман адамдар катары чыгаруу,  аларды криминал деп атоо жана аларды бөлүп коюу зордукту, жек көрүүнү жана агрессияны токтото албайт, бирок бир гана өзгөлөрдү жаман көрүү сезимин пайда кылат.

– кедейчиликтин дубалы жука жана зордукту бекиткенге мүмкүнчүлүгү аз болот.

Биз, феминисттик теңдик, зордуксуз жашоо жана тилектештик принциптерине таянып, активизмди уланта беребиз. Биздин миссиябыз мурдагыдай эле кала берет – Бишкектеги эзүүнүн бүт түрлөрүнө (сексизм, гомофобия, трансфобия, улутчулдук, ксенофобия, исламофобия, класстык жана социо-экономикалык эзүү) каршы турабыз жана бишкектеги эң ызаланма болгон жана аз көрсөтүлгөн  жамааттарды, алардын активизминде керекчиликтерин, добуштарын жана суроолорунун жолун жолдойбуз.  

Кыргызстан, аракеттин мезгили!

Биргеликте,

Скью Бишкек феминисттик демилгеси

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s