ПРЕСС-РЕЛИЗ: 8-мартка арналган сайраң-маалыматтык иш-чаралар өтүп жатканда эркектердин тобу активисттерди уруп-токмоктошкон

шапка.png

ПРЕСС-РЕЛИЗ:

8-мартка арналган сайраң-маалыматтык иш-чаралар өтүп жатканда эркектердин тобу активисттерди уруп-токмоктошкон

2014 ж. 6-март, 00:29

тез таратуу үчүн

5-мартта саат 15:00-19:00 чамаларында СКью Бишкек феминисттик демилгесинин активисттери 8-мартка арналган пландаштырылган сайраң-маалыматтык иш чаралардын бирин өткөрүп жаткан. Иш чарага аялдар кыймылынын тарыхы жөнүндө викторина, бир аз белектер жана символикалык сегиз деген сан менен жана “Аялдардын эл аралык тең укуктар жана тең мүмкүнчүлүктөр күнү” жана “Аракеттин мезгили, Кыргызстан” деген жазуулары менен стендтин жанында сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгү болгон. Активисттер (5 адам) 8-март майрамынын маанисин жана тарыхын түшүндүрүп жатышкан. Активисттер алдын ала иш чара өткөрүүгө Ленин райондук башкармасынан атайын уруксат алышкан.

Чамалуу 18:00 убактысында иш чара аягына келип калган, стендтин жанында 20-30дай үйүлгөн топ чогулуп калган, алар агрессивдүү түрдө феминизмдин белгилери жөнүндө (Венеранын күзгүсү) суроолорду бере башташты жана активист кыз-балдарды христиансдыкты пропаганда кылганы үчүн туура эмес айыпташкан.

Алардын ичинде эркектердин көбү өтүп бара жаткан аялдарды коркутушуп, “Аялдарга укуктар  эмне үчүн керек?” деп сурашкан. Ар беш мүнөт сайын адамдардын саны көбөюп, андан да көп эркектер кошулуп, активисттерди төмөндөгү суроолор менен провокация калышкан: ”Эмне үчүн силердин стендиңерде крест тартылган? Силер мусулман эмессиңерби? силер кудайга ишенесиңерби?силер кыргыз эмессиңерби? Сен быдылдаганыңа караганда еврей окшойсун, сен дагы. Сен кыргыз болуп кыргызча сүйлөбөйсүңбү? Ак калпакты көрүп жатасыңбы, ошон үчүн мен кыргызмын, сен кыргыз(кыз) болсоң мусулман болушуң керек” ж.б.

Активист кыздар-балдарды эркектер курчап алып, жакаларынан кармап, тамеки түтүндөрүн беттерине үйлөшүп, чемичке чагышып, беттерине түкүрүшкөн. Активисттер топтолуп, кетели деп турса да, эркектердин тобу алардын артынан басып, ышкырышып жана зордукка чакырык сөздөрүн кыйкырышкан. Активисттерге жеткенде, эркектер стендти буттары менен   тепкилеп башташты жана аны жыртып салышты.

Эки мүнөттөн кийин топтолгон адамдар стендти талкалашып, андан кийин токтоосуз бар жокту талкалашты. Болгон нерсени сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк болбоду, себеби алар активисттерге кол салышып жана буттарынан чадышты. Активисттердин бирин “педик” деп сөгүп, аны буттары менен колдору менен тепкилешип, жерге ыргытып салышты. Андан соң,  активист-кызды да желкесине урушту. Милиция пункту стендтен жыйырма метр алыстыкта жайгашкан. Активист жардам сурады, иш чараны өткөргөнү уруксатты көрсөттү, ошентсе да милиция кызматкери активисттин суранычын көңүлгө албады.

Активисттер сакчынын киришин сурап, Ленин райондук сотунун имаратында бекингени муктаж болушкан. Бирок кароочулар топтолушкандардын кыйкыргандарын угуп, активисттерди сыртка чыгарып салганы аракет жасады. Дагы соттун кээбир кызматкерлери активисттерди угуп, жыйылгандардын тарабын тартышып жана активисттерди соттон чыгып кетүүсүн сурашты, ошону менен алардын жашоосун жана денсоолугун коркунучка калтырышты. Ошол учурда милиция кызматкерлери келип калышты, бирок алардын ичинен да бирөөсү жыйылгандардын тарабын тартып, активисттерди агрессивдүү топко берүүгө аракет жасады. Бактыга жараша бардыгы анын оюн колдогон жок жана кийинчерээк келген милиция кызматкерлери активисттерге соттун имаратынан машинага чыкканы жардам беришип, РИИБке (райондук ички иштер бөлүмү) алып кетишти. Ошого карабастан ички иштер органдары ылайык каршылык көрсөтө алышкан жок, укук бузуучуларды кармоо боюнча тез аракеттерди көрө алышкан жок.

Ошол учурда активисттер тобу ал жерге кесиптештерине жардам бергени  чыгышты. Алар келген учурда, үйүлгүн топ аларды биринчи бир тегерек, кийин эки, үч тегерек  болуп курчап алышты. Топтолгондордун бири аларды элдик сот аркылуу соттош керек деп кыйкырды. Ошол убакытта Ленин райондук РИИБинин кызматкерлери жетип келе алышты жана активисттерди кырдаалды билүү үчүн бөлүмгө алып кетишти.

Ушул зордук-зомбулук окуясы жеке көрүнүш же жагдай-шарттардын айкалышы эмес: зордук-зомбулук жана жек көрүүчүлүк системалуу түрдө жана бардык жерде кайталанып турат, бүгүнкү күндө ушундай көрүнүштөр биздин коомдо норма катары кабыл алынып калышты. Биздин башыбыздан өткөн нерсе өлкөдөгү көптөгөн аялдардын жана кыздардын ар күндүлүк жана кадимки тажрыйбасы болуп калган. Бул акция коом аялдарды эл алдында коомдук жана  жараандык иштерди алып барууда көргүсү келбегендигин көрсөттү. Иш чарага каршы болгондор “аялдарга укуктар керек эмес, себеби алар дайыма экинчи орунда турушат” дешти. Көбүнчөсү алар экинчи орун деп үйдү аташат.

Биз аялдар жана кыздар үчүн коопсуз эмес жай деп үй эсептелишин эскертип кеткибиз келет. 80 пайыздан ашуун аялдар жана кыздарга каратылган зордук бул үйдөгү зордук, күйөөсүнүн, жүргүн адамынын же туугандарынын тарабынан кылынган зордук болот. Мындай зордук аз тааныган адамдар тарабынан кылынган  зордукка салыштырмалуу 3-4 жолу көбүрөөк учурайт. Биз ош базарда иштеген Рахат эжеге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Рахат эже активисттерди коргоду, ошону менен Кыргызстандын бардык базарларында иштеген аял-кыздарга тилектештигин билдирди.

Зордук-зомбулук – саясаттык суроо, себеби биздин укуктарыбызды жана эркиндиктерибизди, коопсуздугубузду жана жашообузду  сыйлоо, алдыга жылдыруу жана коргоо – биздин саясатчыларыбыздын милдети.

Биз өкмөттөн ушул  диний жана улутчулдук зордукту, чыр-чатакты жана жек көрүүчүлүктү күчөткөн окуяны  ылайыктуу тергөө жүргүзүшүн; активисттердин жашоосуна жана денсоолугуна болгон коркунучту,  уруп-согууну жана аларга карата шылдыңдоолорду жана укук бузуучуларды жоопко тартуусун; Ленин райондук сотунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат учурунда укук бузууну жакшылап тергөөнү жүргүзүп жана аларды жоопко тартуусун; толук коргоону жана тынчтык чогулуштардын катышуучуларынын коопсуздугун талап кылабыз; жек көрүүчүлүктү жана зордук жөнүндө ачык талкулоону; зордук жана жек көрүүчүлүктү алдын алуу боюнча (саясаттын, мыйзамдын, жол-жобонун жана программанын) айкын ар тараптуу иш-чараларды көрүүнү талап кылабыз жана ошол иш чаралар биринчиден зордук жана жек көрүүчүлүктүн айынан кылмышты башынан өткөргөндөрдүн керекчиликтерин, кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого каратылышы керек.

Биз ММКны адам укуктары жагынан зордуктун жана жек көрүүчүлүктүн окуяларын чагылтырууга жана зордукту жана жек көрүүнү эч качан актабаганга чакырабыз; аялдарга жана кыздарга карата болгон зордукту жана адам укуктарын эң биринчи орунга коюуга чакырабыз.

Кошумча маалымат боюнча Скью Бишкек феминисттик демилгесинин байланыш адамына кайрылыңыз:

0312 309 098

0552 232 770

0700 232 770

bishkekfeminists@gmail.com

skype: bishkekfeminists

facebook: bishkekfeminists

http://bishkekfeminists.kloop.kg

 

Advertisements

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s