20.1 Берене учун демилге — “Ай каяка барасын?!”

“Бакир уулу менин көйнөгүмдүн астында эмне издеп жүрөт???!” деген биздин акция Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамын бузуп жаткан депутаттарга нааразылык иретинде өткөрүлүүдө. Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгүндө: “Кыргыз Республикасында жарандардын укуктарын жана эркиндигин чектеген же кемсинткен мыйзамдар кабыл алынбашы керек” деп айтылган.

Биз:

Aялдардын ары-бери каттоого эркиндигин кепилдеген конституциялык укугунун сакталышын жактайбыз (25-берене) – парламент адамдын укугун жана эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга акысы жок; өзгөчө азыр өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы мигрант-аялдардын укугун коргоо боюнча ар тараптуу чукул гендердик-таасир этүүчү чараларды көрүү зарыл болуп турганда кыздардын өлкөдөн чыгышына тыйуу салууну караган мыйзам долбоорунун сунуш этилиши — анти-конституциялык аракет.

Факт : “22 жашка чейинки кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо сунушу айтылууда. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-марттагы жыйынында көтөрүп чыкты. Жыйында “Маалымат каражаттарында чет өлкөдө никеге туруу жөнүндө жарнактык кулактандырууларга тыюу салуу боюнча чаралар тууралуу» Жогорку Кеңештин токтом долбоору талкууланды. Кадыралиева 22 жашка чейинки кыздардын өлкө аймагынан сыртка чыгышына жол бербөө сунушун кошумчалады. Анын айтымында, мындай тажрыйба бир катар мусулман өлкөлөрүндө бар. Буга чейин айрым депутаттар жана укук коргоочулар кыздарга чет өлкөгө турмушка чыгууга тыюу салуу – адам укуктарын бузуу деп баалашкан. Аталган токтом Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылмай болду”. 28.03.2012. Azattyk.org 2012

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s