20.1 Берене учун демилге – “Бакир уулу этегимдин астында эмне кылып жатат???!”

“Бакир уулу менин көйнөгүмдүн астында эмне издеп жүрөт???!” деген биздин акция Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамын бузуп жаткан депутаттарга нааразылык иретинде өткөрүлүүдө. Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгүндө: “Кыргыз Республикасында жарандардын укуктарын жана эркиндигин чектеген же кемсинткен мыйзамдар кабыл алынбашы керек” деп айтылган.

Биз Кыргыз Республикасынын баардык жарандарынын “жеке турмушуна кол тийбестикти, ар-намысынын корголушун кепилдеген” конституциялык укуктары (29-берене, 1-бөлүк) натыйжалуу мыйзамдар жана сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн, гендердик дискриминациянын жана жеке жашоого кийлигишүүнүн алдын ала турган ар тараптуу механизмдер аркылуу бирдей сакталышын талап кылабыз.

Биздин акцияга кошулгуңуз келсе: БИЗГЕ ӨЗҮҢҮЗДҮН СҮРӨТҮҢҮЗДҮ КЫСКАЧА Бакир уулунун жүзү тартылган сүрөт менен bishkekfeminists@gmail.com дарегине “Бакир уулу менин көйнөгүмдүн астында эмне издеп жүрөт???!” деген аталышта жибериңиз, же биз сүрөттү өзүбүз фотошоп менен оңдоп, интернет барагыбызга дайгаштырып коебуз. Тилектештигиңиз үчүн рахмат!

Факт: “Депутат Турсунбай Бакир уулу (Ар-Намыс) 17-майда парламенттин отурумунда Жогорку Кеңеште дресс-код кандай ишке ашырылып жатканын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү талап кылды. Анын айтымында, күн ысыган сайын парламенттин имаратында аба дымыгып баратат. Ошондуктан имаратта иштеген көп кыз-келиндер кыска юбка кийе башташкан. “Азыр эле коридордо менин алдымда бир мини-юбкачан кыз өтүп кетти. Мен ага көңүл деле бурмак эмесмин, бирок эгер мен алдымды карап кете бербегенимде мүдүрүлүп жыгылмакмын”. Knews.kg 2012

 

 

 

Advertisements

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Change )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Change )

Connecting to %s